Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

 

2023-жыл 29-сентябры №2

 

 

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 26.09.2023-жылдын №01/1-32/3193 сандуу чыгыш катындагы Как-Көл статусу жок айылы жөнүндө

 

Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Как-Көл статусу жок айылында жашап жаткан 14-үй-бүлө жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Как-Көл статусу жок айылында жашап жаткан 14-үй-бүлө 0,15 га короо жай жер аянты менен Курманбек айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.

2. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Как-Көл статусу жок айылындагы 14 үй-бүлөгө бөлүнгөн жер аянтынан сырткары калган жер аянттары жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде толугу менен Ленин айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

Н. Калмуратов