ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 31/1
Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Капчыгай айылынын Тегерек көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Капчыгай айылындагы Тегерек көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болгон, мурдагы Кызыл-Капчыгай колхозунун башкармасынын башчысы Наркулов Маматтын атын жана Улуу ата Мекендик согуштун катышуучусу Мырзагулов Даникулдун атын өзгөртүү жөнүндө, Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Капчыгай айылындагы Тегерек көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча эки талапкердин басып өткөн жолун, эл үчүн жасаган эмгектерин кайрадан карап, бекитилген жобого ылайыктап, кийинки кезектеги сессияга сунушталсын.
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү Жерге-Тал айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |