Редакцияот 7.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы

 

2024-жыл 7-май №6

 

“Жалал-Абад шаардык кеңешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”

           

Крыгз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2177 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын жыйынында каралып чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаардык кенешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №6 токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы мүлктү Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүндөгү №4а дарегиндеги жайгашкан 2133,0 чарчы метр жер аянтындагы курулушу бүтпөгөн объектиси менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет..

 

 

Төрага:

Н.Орозбаев