Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы

 

2024-жыл 7-май №7

 

“Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик мекемесинин балансындагы мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын Президентинин 03.04.2024-жылдагы №89 Жарлыгынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2120 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын жыйынында каралып чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик мекемесинин балансындагы мүлктөрдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
  2. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынына комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Н.Орозбаев