ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2023-жыл 29-сентябры №3
“2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ФЭБнүн милдетин аткаруучу Ч.Сулайманованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укутук актыларына, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, айыл чарба жер салыгын төлөөгө мораторий киргизилгендигине байланыштуу республикалык бюджеттен келген акча каражатынын эсебинен 70921-билим берүү бөлүмүнүн 3111-имараттар жана курулмалар беренесинен 364,0 (үч жүз алтымыш төрт) миң сомго Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев орто мектебинин терезелерин пластик терезеге алмаштырууга III-кварталда көбөйтөлсүн.
2. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү КР ФМнин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго жүктөлсүн.
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н. Калмуратов |