ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 4
Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги техниканын айыл аймактагы айыл чарба жерлеринин жазгы жана күзгү талаа иштерине кызмат көрсөтүүсүнө болгон тарифин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги техниканын Өрүктү айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин жазгы жана күзгү талаа иштерине кызмат көрсөтүүсүнө болгон тарифин бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1. Техниканын айдап-себүү иштеринде кызмат көрсөтүүдөгү төлөмү 1,0 га үчүн төмөнкү тарифте бекитилсин:
- Айдоо – 3 200 (үч миң эки жүз) сом;
- Мала – 1 700 (бир миң жети жүз) сом;
- Агат- 1 700 (бир миң жети жүз) сом;
- Селка - 1 700 (бир миң жети жүз) сом;
- Касилка – 2 000 (эки миң) сом;
- Тарак – 1 200 (бир миң эки жүз) сом;
- Пресс (1шт)– 20 (жыйырма) сом;
- Комбайн – 5 000 (беш миң) сом болуп бекитилсин.
2. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө, техникаларды мөөнөтсүз пайдаланууга алган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |