ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 31/4
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан таштанды таштоо үчүн жер аянттын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 24-мартындагы бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан жер аянттын бөлүп берүү жөнүндөгү отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы сунуштаган маселелердин 8 пунктчасы боюнча Бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан жер аянттын тактап, жер аянттын трансформация кылууну жана долбоорлорду жайгаштыруу боюнча мыйзамдуу жагын карап, чечип берүү жагын Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жерге-Тал айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |