ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №10
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
30-апрелинде №208-т тескемесине ылайык 2024-жылга Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оӊдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн 709,3 млн. сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди чыгымдоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №208-т тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2322 сандуу катты шаардык кеӊештин сессиясында талкуулап, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XLII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жылга Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оӊдоодон өткөрүү боюнча республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 709300000 (жети жүз тогуз миллион үч жүз миӊ) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди №1-тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине келип түшкөн максаттуу трансферттерди Жалал-Абад шаарынын 2024-жылга бекитилген бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө №1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөрдү тактоо Жалал-Абад шаарынын финансы башкармалыгынын башчысына (Н.Хайткулов) милдеттендирилсин.
- Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык ондоодон өткөрүү боюнча иштерди жүргүүзүдө мыйзам талаптарын сактоо жана акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |
| Жалал-Абад шаардык кеңештин 07.05.2024-жылдагы кезектеги XLII сессиясынын №10-токтомуна №1-тиркеме |
2024-жылга Жалал-Абад шаарынын капиталдык оӊдоодон өтүүчү негизги көчөлөрү
№ | Мекеменин аталышы | Максаттуу трансферт сумма | Капиталдык оӊдоодон өтүүчү көчөлөр |
1 | Жалал-Абад жолдор башкармалыгы | 69,7 млн сом | С.Ибраимов көчөсү |
2 | 98,4 млн сом | Ю.Абдрахманов көчөсү | |
3 | 225,0 млн сом | Р.Азимов көчөсү | |
4 | 204,0 млн сом | З.Жамашев көчөсү | |
5 | 112,2 млн сом | Манас прспектиси | |
| Жалпы | 709,3 млн сом |
|
Жооптуу катчы | О.Эшенкулов |