Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 7

Өрүктү айыл аймагында бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар” жөнүндө кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жазык кодексинин”, Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жазык процесстик” кодексин, Кыргыз Республикасынын “Пробация” жөнүндө, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өрүктү айыл аймагында Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Типтүү Жобо бекитилсин.

2. Өрүктү айыл аймагында Бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

Элтүзерова Гүлнура – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы;

Турдугулова Гулнара – айылдык Кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

Абдиев Санжар – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

Өмүрзакова Ыкылым – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

Макамбаев Ибадилла – Орто-Токой, Чолок-Тума айылдарынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Муса уулу Өмүрзак – Кең-Кол айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Попушев Кубаныч – Өрүктү-Сай айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык тармактар, укук, мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева