ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2023-жылдын 28-августу № 2
“2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык ,Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп,талкуулап Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына,Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык,айыл чарба жер салыгын төлөөгө мораторий киргизилгендигине байланыштуу,республикалык бюджеттен келген акча каражатынын эсебинен 70921-билим берүү бөлүмүнун 3111-имараттар жана курулмалар беренеси 196,0 миң сомго Орто-Сай айылындагы С.Жээнбеков атындагы орто мектебинин ажатканасы авариялык абалда болгондугуна байланыштуу ,курулуш материалдарын сатып алууга III-кварталда көбөйтүлсүн.
2. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөт башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.А. Калмуратов |