Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын ленин айылдык кеңешинин  VII- чакырылышын  кезексиз  ХXI–сессия

 

2023-жылдын 28-августу № 1

“2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына бөлүмдөр аралык жылдыруулар жөнүндө”

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин 115-бренесинин 4,6- пункттарына ылайык, Ленин айыл өкмөтүнүн  2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына бөлүмдөр  аралык жылдыруулар  жөнүндө финанансы -экономика бөлүмүнүн башчысы  А. Жолдошеванын билдирүүсүн угуп , талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. 2023-жылдын бюджетинин ЖКХ-бөлүмүнүн   3111-имараттар  жана  курулмалар  беренесинде  Жыгач-Коргон айылына поликлиника  курууга 1000 000  сом акча  каражаты бекитилген.  Бирок поликлиника  курулбай калгандыггына байланыштуу  ушул сумманы

-       ЖКХ бөлүмүнүн  2215-ар түрдүү  чыгымдар беренесине Орто-Сай  айылындагы ФАПтын  ПСД документтерин жасоого 110,0миң сом

-       Орто-Сай айылындагы Жалал-Абад  областтык  “Өнүктүрүү фондунан” каржыланып жаткан сугат суу скважиналарына электр жабдууларын  алууга ЖКХ -бөлүмүнүн 3112 машиналар жана жабдуулар беренесине 52,0 миң сом

-       Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев атындагы орто мектебинин спорт залынын  (өрттөнүп кеткен) чатырын жабууга  70921- билим берүү  бөлүмүнүн  3111- имараттар  жана курулмалар  беренесине 400,0 миң  сом:

-       Орто -Сай айылындагы С.Жээнбеков  орто мектебинин авариялык  абалдагы ажатканасын  курууга курулуш материалдарын  сатып алууга 70921- билим берүү  бөлүмүнүн  3111-имараттар жана курулмалар  беренесине 4,0миң сом.

-       Ленин айылындагы А.Нураков көчөсүнө  аллея курууга ПСД   документтерин жасоого ЖКХ-бөлүмүнүн  2215-ар түрдүү  чыгымдар  беренесине 90,0миң сом:

-       Мектептерге кышка даярдык үчүн  70921- билим берүү  бөлүмүнүн  2221- мүлкү  учурда  оңдоо беренесине 150,0миң сом:

-       Мектептерге өрт коопсуздугунан сактоо үчүн  шаймандарды сатып алууга  70921-билим берүү  бөлүмүнүн 3112-машиналар жана жабдуулар беренесине 50,0миң сом:

-       А.Тажибаев атындагы орто мектебине  спорттук инвентарь (топ)  алууга 70921- билим берүү  бөлүмүнүн  3112-машиналар жана жабдуулар беренесине 5,0миң сом:

-       Ленин айылындагы маданият  үйүнө тех.паспорт алууга  70823- маданият бөлүмүнүн  2215-ар түрдүү чыгымдар беренесине 42,0миң сом:

-       Ленин айылындагы маданият үйүнө гүлдөрдү сугарууга 50метр шланга сатып алууга 70823-маданият бөлүмүнүн  2221-беренесине  6,0миң сом :

-       Ленин айылындагы маданият үйүнө  сентябрь айында “Абалың кандай маданият?” деген иш-чара өткөрүүгө  70823-маданият бөлүмүнүн  2215- ар түрдүү  чыгымдар беренесине 24,0миң сом

-       Ленин айыл аймагынын “Айылдык  ден-соолук комитетинин” иш-чара өткөрүсүүнө  701111-башкаруу  бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар  беренесине 15,0миң сом:

-       Интернет байланыш үчүн 70111-башкаруу бөлүмүнүн 2212- байланыш кызматтар беренесине 40,0 миң жылдырылсын.

  1. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү  киргизүү Кыргыз Республикасынын  Финанасы Министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
  2. Токтомду аткаруу  жагы Ленин айыл өкмөт башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айылдык кеңешинин туруктуу бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
  4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов