Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясынын ( 4-чакырылышынын) жыйналышы

2021-жылдын 28-октябры № 16/1

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата Жергиликтүү бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө

 Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн жергилик-түү бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун жасаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын абалы боюнча Кеңеш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековдун жасаган билдирүүсү канаттандыраарлык деп табылсын.

 

 2.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин 9 айынын жыйынтыгы менен кирешелер бөлүгү 5461, 2 сомго жана чыгашалар бөлүгү 5799,9 сомго , же болбосо 106,2 % га аткарылдыгы белгиленсин.

 

 3.Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин 9 айынын жыйынтыктоо менен 2021-жылдын бюджети менен 2022-жылга карата кайчылаш бюджеттин долбоорун отурумга алып кирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратов жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Арзибековго тапшырылсын.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Абдылдаев