АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 4
Хельветас Свисс Интеркооперейшн” уюмунун “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПтын өздүк салымын бекитилген жобого негиз кайтаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Туратбек уулунун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жолдорду тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча МАК КЖАПта катышкан Жерге-Тал айыл өкмөтү, Авлетим айыл өкмөтү, Жаңы-Жол айыл өкмөттөрдүн өздүк салымдары “жергиликтүү бюджеттин эсебинин башка жергиликтүү бюджет ссуданы берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобонун 4-пунктуна ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбестен кайтарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы:Т.Сейитбеков жүктөлсүн.
3. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Ж.Алыбаев |