АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 2
ОсОО “Ак-Жол плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси ОсОО “Ак-Жол плейсер “ ишканасынын аткаруучу директору М Осмоналиевдин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКсынын жетекчилигине Ак-Жол айылынын жергиликтүү тургундары менен көтөрүлгөн маселе боюнча бир пикирге келүү жагы сунушталсын.
2. Жалпы айыл тургундарынын макулдугунун негизинде гана тиешелүү чечим чыгарылып берилери жөнүндө “Ак-Жол Плэйсер” ЖЧКнын жетекчилигине маалымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Алыбаев Ж |