Редакцияот 07.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 7-сентябры № 6-7

                                                Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин   эсебинен жана демөөрчүлөр тарабынан алынган  электро трансформаторлорду акысыз (КТП)  “Ошэлектро” АККнын балансына өткөрүп  берүү жөнүндө

                                                               

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну мындан ары жакшыртуу, тейлөө шарттарын жакшыртуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жана демөөрчүлөр  тарабынан алынган электро трансформаторлорду акысыз (КТП) «Ошэлектро» АККнын балансына  өткөрүп берүү үчүн,  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын   №18-беренесине негиз,  Жер, айыл чарба,суу,жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап,  Көк-Жар айылдык кеңеши

 

     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну мындан ары жакшыртуу, тейлөө шарттарын жакшыртуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жана демөөрчүлөр  тарабынан алынган электро трансформаторлорду акысыз (КТП) «Ошэлектро» АККнын балансына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын   №18-бересинин негиз  өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.            Электро трансформаторлоду өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана  тийиштүү ишканаларга төлөнүүчү акча каражатын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге жүктөлсүн.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Жер, айыл чарба,суу,жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Т. Пирматов