Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXV–сессия

 

2023-жылдын 21-ноябры № 2

Жер аянтына түзүлгөн генералдык планын бекитүү жөнүндө

 

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ленин айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган   №569-контурдагы 2,69 га жер аянтына түзүлгөн генералдык планын бекитүү боюнча талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши   токтом кылат:

  1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ленин айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган №569-контурдагы 2,69 га жер аянтына түзүлгөн генералдык планы бекитилсин.
  1. Ленин айылындагы №569-контурдагы 2,69 га жер аянтына бекитилген генералдык планга ылайык иш аракеттерди көрүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
  1. Ленин айыл өкмөтүндө  турак жай менен  камсыз кылуу боюнча 2017-2022 жылдарга карата программасы бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.  
  2. Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов