АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 6
“Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги 6-маселеси “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бухгалтери Т.Нурманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Хелветас” ассоцациясынан грант түрүндө келе турган автогрейдердин иштөө калькуляциясын түзгөн “Ак-Жол – Тазалык” муниципалдык ишканасынын долбоору жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу бюджет комитетинин төрагасы Т.Сейитбековго милдеттендирилсин.
Ак-Жол айылдык аймактык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Алыбаев |