Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XXIX-сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 1/4

Ак-Жол айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 399-беренесине ылайык Айыл өкмөтүнүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХXIХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айыл аймгындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин 2021-2022-2023-жылдаргы 0,7 боюнча калтырылсын.

2. Ак-Жол айыл аймгындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин кен иштетүү максатында 2021-2022-2023-жылдаргы 1,2 боюнча калтырылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Т.Омораалиевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге жүктөлсүн.

5. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Т. Батыралиев