Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги XXIX-сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 2

Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2021- жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XXIX - сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2021-жылга карата даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XXIX - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга карата даярдалган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.

2.              Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Ак-Жол айылдык аймактык

Кеңешинин төрагасы:

 

Т. Батыралиев.