Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз III-отуруму

II-тур

2024-жылдын 16-апрели №2

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышын депутаттарынын төрагасын шайлоо үчүн 5(беш) адамдан турган эсептөө комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

 

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезекcиз III-отуруму, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругунун негизинде Жергиликтүү кенештердин ишинин негиздеринин жалпы жобосуна ылайык жана Жергиликтүү кенештердин Регламентинин, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштуруу максатында Р.Пазылованын баяндамасын угуп жана талкуулап, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Гүлчө  айыл аймагынын  айылдык  кеңешинин төрагасын  шайлоону  өткөрүү боюнча   төмөндөгү депутаттар  Абдиаким уулу Даирбек, Кантөрө у Өзгөрүш, Капарова Гүлкан. Кочкорбай кызы Жумагүл   жана   Маматова Укей  болуп   5 (беш) адамдан турган  эсептөө комиссиясынын  курамы   түзүлсүн. (№1 протокол   тиркелет ).

2.Бул  кабыл алынган  токтомду   мыйзам чегинде    так  жана мыйзамдуу аткарылышын   көзөмөлдөө жагы  эсептөө  комиссиясына    милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

 

Р.Пазылова