Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 28-сентябры №7-1

Ак-Сай өрөөнүндөгү курулушу токтоп калган имараты жөнүндөгү 2021-жылдын 1-сентябрындагы чыгыш №05-2/207 сандуу Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшенилиевдин кайрылуусу жөнүндө

Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшеналиевдин 2021-жылдын 1-сентябрындагы чыгыш №05-2/207 сандуу кайрылуусунун негизинде Ак-Сай өрөөнүндөгү малчылардын жана тургундардын саламаттыгына кам көрүү үчүн салынган медициналык пункттун (ФАП) авариялык абалга келгендигине байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ак-Сай өрөөнүндөгү культцентрда салынып келе жатып 30 жылдан бери куруу иштери токтоп калган имаратты фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) катары колдонуу үчүн Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна оперативдик башкаруу укугу менен 10 (он) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин;

 

2.  Жогорудагы имараттын юридикалык иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүп, Швейцариялык спонсорлор тарабынан курулуш иштерин толук бүтүрүү жагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшеналиевге милдеттендирилсин;

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго жана айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге тапшырылсын;

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы

айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

депутаттарынын төрагасы

 

 

 

А. Өмүракунов