ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз III-отуруму
II-тур
2024-жылдын 16-апрели №3
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын
№3-Протоколунун жыйынтыгын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезекcиз III-отуруму, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругунун негизинде, Жергиликтүү Кеңештин Типтүү Регламентинин жергиликтүү кенештердин ишинин негиздеринин жалпы жобосунда белгилүү болгондой 3-берененин 3. 10–пунктуна ылайык , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3 Протоколу бекитилсин.(№3 Протокол тиркелет).
2.Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер - Самиев Азимбек Бектурсунович Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинсин.
Төраганын орун басары |
| Р.Пазылова |