ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз IV-отуруму
2024-жылдын 19-апрели №1
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Гүлчө айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Гүлчө айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Гүлчө айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Алай жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары |
| Р.Пазылова |