Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезексиз IV-отуруму

2024-жылдын 19-апрели №2

Бириккен айыл өкмөттөрүнүн сметасын бекитип берүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргузүү жөнүндө» Жарлыгын , Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик- аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун негизинде Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Гүлчө жана Будалык айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 91682,9миң сомго, анын ичинен теңдештирилүүү трансферт 12046,9миң сомго , өздүк киреше 79636,0миң сом, (анын ичинен атайын каражаттар 4328,4 миң сом болуп бекитилсин.

2. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-апрелине карата карата 2023-жылда пайдаланылбай өткөн калдык13001,9 миң сом, анын ичинен бюджеттик каражат12250,7миң сом чыгаша бөүгүнүн сметасынын планына 751,2миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

3. Жогорудагы акча-каражатын Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасынынын планына киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча –каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана ФЭБнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

Р.Пазылова