Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 28-сентябры №7-5

2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө

2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундарынын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ишине нааразычылыгын билдирген арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундары тарабынан жазылган арызындын ар бир пункту боюнча териштирүү иштери жүргүзүлсүн;

 

2. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын чындыкка дал келүүсүн же жалган экендигин аныктап, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана жыйынтыгы боюнча кийинки сессияга маалымат берилсин;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

Ат-Башы

айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

депутаттарынын төрагасы

 

 

 

А. Өмүракунов