КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин кезексиз 2 сессиясы
2024-жылдын 2- апрели № 3/15
Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин эски имаратынын чатырын калыбына келтирүү үчүн Сокулук өнүктүрүү фондуна катышуу жөнүндө
2024 -жылдын 28-мартындагы катуу шамалдын кесепетинен жабыркап калган Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин эски имаратынын чатырын калыбына келтирүү үчүн Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылында “Б. Джамгырчинов орто мектебинин чатырын калыбына келтирүү” Сокулук районунун өнүктүрүү фондунун долбооруна катышууга макулдук берилсин;
2. Долбоордун жалпы суммасы 5 173774 (беш миллион жүз жетимиш үч миң жети жүз жетимиш төрт) сом, анын ичинен Сокулук өнүктүрүү фондунун каржылоосу - 2,300 (эки миллион үч жүз миң) сом, жергиликтүү бюджеттин каржылоосу - 2 873 774 (эки миллион сегиз жүз жетимиш үч миң жети жүз жетимиш төрт) сом;
3. Сокулук өнүктүрүү фондусуна катышууга мыйзам чегинде иш алып барууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев милдеттендирилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Күнтуу жергиликтүү Кеңешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |