ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 6/1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган калдыктан бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V кезексиз сессиясынын 18.08.2021-жылдагы №5/5 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы «Р.Өмүракунова» бала бакчасынын башчысы Апышова Дилбардын 2021-жылдын 17-августундагы жазган кайрылуусунда ремонт иштерине акча каражат керек болуп жаткандыктан жыл башындагы бала бакчага конфорка алуу үчүн каралган акча каражатын 3112 ст негизинде каралган 70 000 сомду (жетимиш миң сом) ремонт иштерине (септик ондоого, жана ашкана каражаттарын муздаткыч,конфорка ондоого, ашканага камыр жуурган аппарат, эт туурагыч, кесме кескич) алууга жылдырып берүүсүн карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жыл башына калган акча каражатынын сметасына өзгөртүү киргизилсин;
2. Акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык жылдырылып берилсин;
22154900- | 22500 сом (жыйырма эки миң беш жүз сом) |
22211100-- | 15500 сом (он беш миң беш жүз сом). |
22221100- | 11000 сом(он бир миң сом) |
31123290- | 21000 сом ( жыйырма бир миң сом) |
3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Турганалиев |