Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 6/2

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна келип түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Аманованын билдирүүсүнүн негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн «Өнүктүрүү фонду» тарабынан Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна келип түшкөн 200 000 сом (эки жүз миң сом) акча каражатын бюджеттин киреше бөлүгүнө бекитилип берилсин.

2.  Бул акча каражатын Жерге-Тал айыл өкмөтүнө алынган айыл чарба техникаларынын (комбайн) төлөнбөй калган акча каражаты үчүн төлөнүп берилсин.

31122220-

200 000 сом (эки жүз миң сом)

3.  Тиешелүү документтерди даярдоо Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.

 

Төрага:

М.Турганалиев