Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХХII сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 42/3

Көк-Жаңгак шаарындагы мекеме, ишканалар 2020-жылы аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардагы мекеме, ишканалар 2020-жылы аткарган иштери боюнча жетекчилердин маалыматтарын угуп талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХII сессиясы

 

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмү 2019-2020 окуу жылында аткарылган иштери боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.

 

2.Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаменти 2020-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси И.Абдурасуловдун маалыматы эске алынсын.

 

3.Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» ишканасы 2020-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.

 

4.Көк-Жаңгак шаарынын маданият бөлүмү 2020-жылы жасаган иштери боюнча жетекчиси А.Кунанбаевдин маалыматы эске алынсын.

 

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

Б.Маткаримов