Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезектеги ХХХХII сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 42/4

Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин 15.02.2021-жылдагы № 1-15 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын негизинде Шахтерская көчөсүндөгу номери жок мурдагы тигүү фабрикасынын арт жагындагы 0,055га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчикке өткөзүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХХII сессиясы

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгу номери жок мурдагы тигүү фабрикасынын арт жагындагы 0,055га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.

 

2.Тиешелүү иш кагаздарын тактап, шаардык муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы КМДнин башкы адиси, муниципалдык бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

Б.Маткаримов