Редакцияот 17.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

 

2021-жылдын 17-февралы № 6

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX -сессиясынын күн тартибиндеги 6-маселеси Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн “Көк бөрү” федерациясынын мүчөлөрүнүн айылдык Кеңешке, айыл өкмөтүнө кайрылган кайрылуусу негиздүү деп табылып, Моңол-Сай учаскасындагы ат майданына атуул Сапаралиев Баймырзанын ысымы ыйгарылсын.

2. Моңол-Сай учаскасындагы ат майданынын учур таладына ылайык сакталышына жоопкер болуп иш алып баруу жагы уулу Сапаралиев Мырзабекке жүктөлсүн.

 

 

Ак-Жол айылдык аймактык

Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Батыралиев.