Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-отуруму

2024-жылдын 26-январь № 27/1

2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2024-жылга бекитүү жана 2025-20265-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Корул айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

1.              Корул айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 20438,5 миң сомго анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 10050,0 миң сомго, өздүк киреше 7960,0 миң сомго(анын ичинен атайын каражат800,0) жана республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 1314,4 миң өткөн жылдан калган калдык 1114,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 18635,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.  

2.              2024-жылга Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18919,0 миң сомго, анын ичинен: теңдөөчү грант 10156,6 миң сом, өздүк киреше 8021,6 миң сомго бекитилсин. 

3.               2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 18812,4 миң сом, анын ичинен теңдөөчү грант 10156,6өздүк киреше 8762,4 миң сом. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 198883,0 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 10156,6 сомго өздүк киреше 9726,4 миң сомго долбоорунун болжолу бекитилсин. 

4.              Корул айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүнө тапшыруу жагы, мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.  

5.              Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өзубагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Тоотаевага тапшырылсын. 

6.              Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Турганбаев Мустафага тапшырылсын.

 

 

 

Төрайым

М.А.Абдыкадырова