Редакцияот 17.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

 

2021-жылдын 17-февралы № 7

Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын күн тартибиндеги 7 маселеси Тегене айылынындагы ФАПка Маматова Гулипа Молошовнанын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Тегене айылынын тургундарынын ден-соолугунун чың-болуусу үчүн көп жылдык эмгегин, ден-соолугун арнаган атуул Маматова Гүлипа Молошовнанын ысмы өзү эмгектенген Тегене айылындагы ФАПка ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Оңолов Келсинбекке милдеттендирилсин.

 

 

Ак-Жол айылдык аймактык

Кеңешинин төрагасы:

 

Т.Батыралиев