Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXV–сессия

 

2023-жылдын 6-октябры № 3

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасына”сунуштоо жөнүндө”

Ленин айыл өкмөтүнүн  башчысы Ч.Мурзакановдун Ленин айылдык кеңешинин төрагасы Н.Калмуратовду   Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасына”   берген сунушунун талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Ленин айыл өкмөтүнүн  башчысы Ч.Мурзакановдун Ленин айылдык кеңешинин төрагасы Н.Калмуратовду    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасына”   берген сунушунун негизинде   Ленин айыл өкмөтүнүн  аймагындагы калкка  ар тараптуу  колдоо жана  көрсөтүп жаткан  кызматтары  үчүн Ленин айылдык кеңешинин төрагасы Калмуратов Нурланбек Абдулашимовичти Кыргыз   Республикасынын Жогорку Кеңешинин  “Ардак Грамотасы”  менен сыйлоого  сунушталсын.

2.    Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл  өкмөтүнүн  башчысы Ч.Мурзакановго жана Ленин  айылдык кеңешинин Социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.

4.    Токтом расмий сайтка жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  күчүнө кирет.

Төрага

Н.Калмуратов