КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 10\2
Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш-планын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планы жана уюштуруу-массалык иштери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор айылдык кеңешинин 2022-жылга иш-планы туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |