Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 28-отуруму

2024-жыл 12-февраль № 28/1

Корул айыл өкмөтүнө мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

 

Корул айыл аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 31-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдагы №231 КРнын мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Корул айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн. 

2.  Корул айыл аймагында мүлк салыктарын эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлсүн жана эсептөө үчүн К3-зоналдык коефициенти 1.0 болуп бекитилсин. 

3.  Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, Корул айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин. 

Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына

 

 

 

Төрайым

М.А.Абдыкадырова