Корул айылдык кеңешинин 27-отурумунун 2024-жылдын 12-февраль №28/2 токтомуна тиркеме
Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга карата
Иш –планы
№ | Аткарылуучу иштер | Жыйынтыкталган убактысы | Аткарууга жооптуулар | Ким көзөмөлдөйт |
1-о т у р у м (27) | ||||
1 | Корул айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалымат. 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджеттин 2026-жылга карата болжолдуу долбоорун кабыл алуу | Январь | Айыл өкмөт башчы ФЭБ башчы Тийиштүү туруктуу комиссиялар | Айылдык кеңеш
|
2 | Корул айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү | январь | Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы | Айылдык кеңеш |
3 | Корул айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү. | Январь | Туруктуу Комиссиялар а/к жооптуу катчысы | Айылдык кеңеш
|
2- о т у р у м(28) |
| |||
1 | 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттөгү иштердин жалпы абалы. Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу. Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин (жооптуу катчы, МЧС, салык кызматкери, соц кызматкер, ВУС кызматкери , жер адис, маданият кызматкерлери) маалыматын угуу | Январь |
М. Турганбаев Н.Тоотаева Тиешелүү адистер | Айылдык кеңеш
|
2 | Корул айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата иш планын угуу | Январь | М Турганбаев | Айылдык кеңеш
|
3 | Жайыт пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу жана жайыт комитетинин техникалары жөнүндө маалымат. 2024-жылга карата жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планын угуу жана бекитүү. Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн төлөмдөрдүн тарифтерин бекитүү | Январь | Айыл өкмөт башчы
Жайыт комитетинин төрагасы | Айылдык кеңеш
|
4 | Арал Таза суу ишканасынын 2023-жыл ичинде аткарган иш аракеттери боюнча маалыматын угуу жана баа берүү | Январь | Д.Умаров | Айылдык кеңеш |
5 | Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жыйындарды уюштуруу | Январь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары | Айылдык кеңеш
|
3-отурум (29) | ||||
1 | Корул айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу кен-байлыктар боюнча иш алып барган жеке ишкерлердин иши боюнча маалымат угуу | Февраль | Айыл өкмөт башчысы Салык кызматкери | Айылдык кеңеш Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
2 | Корул айыл өкмөтү боюнча жазгы талаа жумуштарына даярдык, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруулардын иш абалы жөнүндө | Февраль | М.Турганбаев А. Ысаков | Айылдык кеңеш
|
3 | АЖМФ(госфонду)жерлерин натыйжалуу пайдалануу, ижара акысы жана мыйзам талабына ылайык мөөнөтү бүткөн арендага берилген жерлер боюнча маалымат угуу. | Февраль | М.Турганбаев А. Ысаков | Айылдык кеңеш Жер жана агрардык Маселелер боюнча туруктуу комиссия
|
4
| Айылдык Кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү | Февраль | Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Туруктуу комиссиялардын төрагалары | Айылдык кеңеш |
4-о т у р у м (30) | ||||
1 | Корул айыл өкмөтү боюнча табигый кырсыктардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча жүргүзүлүүчү иштердин планын түзүү жана ишке ашыруу |
Март | М.Турганбаев С. Жакыпов | Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
2 | Жаз мезгилине карата 3 айлык ишембилик жарыялоо жана айыл тургундарын ишембиликке жалпы чакыруу. | Март | М Турганбаев Айыл башчылар | Айылдык кеңеш |
3 | Корул айыл өкмөтүндөгү айыл тургундарына өз убагында жайлоого көчүрүү жана көчүп келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иш алып баруу |
Март | Айыл өкмөт башчы Айыл башчылар Жер адис | Жамааттар жана Граждандык коом менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссия |
5-о т у р у м (31) | ||||
1 | Коомдук тартипти сактоонун абалы, окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуусун, түнкү отуруштарды болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Апрель | Аймактык-тескөөчү инспекторлор |
|
2 | Корул а/өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин жана бала бакчаларынын окуу-тарбия иштери боюнча көзөмөлгө алуу.
| Апрель | Мектеп директорлору
| Социалдык иштер жана билим берүү боюнча боюнча туруктуу комиссия |
3 | “Арал таза суу”ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угуу | Апрель | Д.Умаров
| Таза суу боюнча тийиштүү комиссия |
4 | Корул айыл өкмөтүндөгү көчөлөргө аты коюлган жарандардын көрнөк жарнактарынын жаңылануусуна туура жазылышына жана көчөнүн тазалыгы боюнча коюлган талаптардын аткарылышына баа берүү жана көзөмөлгө алуу. |
Апрель |
Айыл башчылар Көчө башчылар | Инвестиция тартуу жана жамааттар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссия
|
5 | Айылдык кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү | Апрель | Айылдыккеңештин жооптуу катчысы. Туруктуу комиссиялардын төрагалары | Айылдык кеңеш
|
6-о т у р у м (32) | ||||
1 | Корул айыл өкмөтүнүн социалдык -экономикалык көрсөткүчүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштери боюнча маалымат угуу. Айыл өкмөттүн бюджетинин алты айлык аткарылышы боюнча маалымат угуу |
Июль |
М .Турганбаев Н .Тоотаева |
Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
2 | Корул айыл өкмөтүндөгү 1-Май, Олжеке, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал ФАПтарынын кызматкерлери-нин жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат угуу |
Июль | ФАП кызматкерлери | Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча туруктуу комиссия
|
3 | Жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча маалымат угуу. | Июль | Мектеп директорлору | Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча туруктуу комиссия |
4 | Корул айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери боюнча маалымат угуу. | Июль | Маданият үйүнүн башчысы Китепкана башчылары | Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча туруктуу комиссия |
5 | Корул айыл өкмөтүндөгү калкты жана социалдык объектилерлерди кышка карата даярдоо, көмүр отун менен өз мөөнөтүндө камсыз кылуу | Июль | М .Турганбаев Айыл башчылар Мектеп директорлору | Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча туруктуу комиссия
|
6 | Аймактык тескөөчү инспекторлорунун жарым жылда аткарган иштери тууралуу маалымат угуу | Июль | Аймактык тескөөчү | Мыйзамдуулук укук тартиби боюнча туруктуу комиссия |
7 | Айылдык Кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү | Июль | Айыл өкмөт башчы а/к жооптуу катчысы, Туруктуу комиссиялар | Айылдык кеңеш
|
7-о т у р у м (33) | ||||
1 | Корул а/өкмөтүндөгү социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча маалымат угуу. |
Октябрь | М.Турганбаев Мектеп директорлору | Айылдык кеңеш |
2 | Корул а/өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүү планынын жана бюджетинин тогуз айда аткарылышы боюнча маалымат. |
Октябрь |
М. Турганбаев Н.Тоотаева | Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
3 | “Арал таза суу”ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угуу | Октябрь | Д.Умаров
| Таза суу боюнча атайын тийиштүү комиссия
|
4 | Айылдык Кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү
| Октябрь | Айыл өкмөт башчы Туруктуу комиссиялар а/к жооптуу катчысы | Айылдык кеңештин төрагасы
|
8-о т у р у м (34) | ||||
1 | Корул айыл өкмөтү боюнча мекеме ишканалардын жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу. |
Декабрь | Мекеме жетекчилер Мектеп директорлору Бала бакча башчылары | Айылдык кеңеш |
2 | Корул айыл өкмөтүнүн Ардагерлер уюмунун жана Аксакалдар сотунун, каада- салт үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча иш алып баруусу тууралуу маалымат угуу. |
Декабрь | Аксакалдар сотунун төрагасы | Айылдык кеңеш |
3 | Аймактык тескөөчү инспекторлорунун бир жылдык аткарган иш -аракеттери боюнча маалымат. | Декабрь | Аймактык тескөөчү | Мыйзамдуулук укук тартиби боюнча туруктуу комиссия |
4 | Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү | Декабрь | Туруктуу комиссиялар, а/к жооптуу катчысы | Айылдык кеңеш |
5 | Туруктуу комиссиялардын 2024-жылга карата иш-пландарын бекитүү | Декабрь | Туруктуу комиссиялар | Айылдык кеңеш |
6 | Айылдык кеңештин депуттарынын, айыл өкмөт кызматкерлеринин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо. | Декабрь | Туруктуу комиссиялардын төрагалары Айыл өкмөт башчы | Айылдык кеңеш |
7 | Айылдык кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү | Декабрь | Айыл өкмөт башчы а/к жооптуу катчысы Туруктуу комиссиялар | Айылдык кеңеш
|