ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2024-жыл 29-апрель №26
“Токтогул шаарынын Дадиев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктеги жерден 0,12 га жерди мамлекеттик менчикке ажыратып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Токтогул райондук бөлүмчө башчысы А.А.Айылчиевдин 03.04.2024-жылдагы № 04-37/35 номерлүү каты Токтогул шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жерлер (айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 18.04.2024-жылдагы жыйналышында каралган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы, токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Токтогул райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын кайрылуу каты жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
- Ага ылайык, Токтогул шаарынын Дадиев көчөсүндөгү идентификациялык номери 3-07-01-1001-0103, муниципалдык жерден, 0,12 га жер аянты, мындагы эски курулушу менен, мамлекеттик менчикке акысыз ажыратылып берилсин.
- Аталган жерди мамлекеттик менчикке ажыратып берүү үчүн керектүү документтерин мыйзам талаптарына ылайык даярдап, өткөрүп берүү жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) тапшырылсын.
- Мамлекеттик каттоого байланышкан бардык чыгымдар жогоруда аталган мамлекеттик мекеменин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
- Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Боргулов |