Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы № 64

Жер пайдалануу, айыл аймактын ген планын даярдоо жана архитектура ченемдери,турак жай үчүн жер тилкелерин тактоо, трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчысынын иш аракеттерин кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомунун негизинде, Кара-Булак айыл аймагындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн  жаңы конуштардын Башкы планын даярдоо жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелери боюнча Кара-Булак айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жаңы конуштардын Башкы планын даярдоо жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелери боюнча аткарган иштери канааттандырарлык  деп табылсын.
  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жаңыдан бериле турган жер аянттарынын иш кагаздарын тез арада бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров