Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы № 65

Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында,“Бужум таза суу” ишканасынын жетекчиси С.Амановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Бужум таза суу”ишканасы 2023-жыл ичинде калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Долбоордун негизинде бүткөрүлгөн таза суу ишканасынын суу чорголорун, керектүү болгон эмеректерин сактоо, элге үзгүлтүксүз таза сууну жеткирип туруу жагы ишкана жетекчиси С.Амановго тапшырылсын.
  1. Мекеме ишканалар жана элдер менен сууга болгон төлөмдөр боюнча келишим түзүү жана келишимге ылайык иш алып баруу жагы “Бужум таза суу” ишканасынын жетекчиси С.Амановго сунушталсын.
  1. Өзүн-өзү каржылоодон түшкөн акча каражатын үнөмдөп, ички көчөлөргө таза суу тартуу жагы колго алынсын.
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралында-гы № 52 токтомуна ылайык, Бужум таза суу ишканасына таандык болгон мүлктү Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү жагы сунушталсын.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров