Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы № 66

Кара-Булак айыл аймагындагы спорттук курулмалардын

иштешин камсыз кылуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 27-беренесинин 10-пунктунун негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин спорттук курулмаларды камсыз кылуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл аймагындагы спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин  2023-жылга карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  1. Кара-Булак айылынын асты жагынан күн батыш бөлүгүнөн спорт аянтчасына бөлүнгөн 6,0 га  жер аянтын аныктап, юридикалык документтерин тактап көрсөтүп берүү жагы  айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров