Редакцияот 07.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVIII-сессиясы

 

2024-жылдын 7-майы № 67

Бужум айылынын тургуну И.Тилековго Кара-Булак айыл

аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

          Кара-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жобосунун 2-пунктунун 2.3-пунктчасына ылайык, Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 2024-жылдын 25-апрелиндеги сунуш катынын жана Кара-Булак айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мандат жана мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-майындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын тургуну, айылдык кеңештин V,VI,VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган, бүгүнкү күндө Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Тилеков Искендербек Каттабековичке Кара-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 Төрага

К.Шакиров