Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

3-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 4/II-28

 

Кант шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Кант шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кант шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап

КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Кант шаардык кеңешинин төрагасына жана Кант шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө/райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

М.Бейшебаев