Редакцияот 29.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

2024-жыл 29-апрель №29

 

“Баткен согушунда курман болгон атуулдарга эстелик орнотуу үчүн

жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө ”

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул районунун бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин кайрылуу каты боюнча Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Дарманованын 04.03.2024-жылдагы № 01-17/233 каты “Муниципалдык менчик, жерлер (айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, мыйзамдуулук, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 18.04.2024-жылдагы жыйналышында каралган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы, токтом кылат:

 

1.    Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул районунун бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин кайрылуу каты канааттандырылсын.

 

2.    Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы Эс алуу паркынын ичинен, Афган согушунун катышуучуларына орнотулган эстеликтин катарынан, Баткен согушунда курман болгон атуулдарга эстелик орнотуу үчүн 12,25 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

3.    Эстелик орнотууда, анын айланасындагы башка курулушка (эстеликке) архитектуралык, композициялык жактан шайкеш келүүсүн эске алуу жагыТоктогул районунун бириккен Баткен согушунун ардагерлер кеңешине милдеттендирилсин.

 

4.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

5.    Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.

 

6.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жогорудагы туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.

 

7.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү, мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча иштерди аткаруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

8.    Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

М.Т. Боргулов