ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Ленин айылдык кеңешинин VII-чакырылышын кезексиз ХXV–сессия
2023-жылдын 6-октябры № 7
Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановдун Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча берген сунушунун талкуулап чыгып Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобону негиздеп, Ленин айыл өкмөтүнүн Ленин айыл өкмөтүндө профсоюздун төрайымы Cулайманова Чынара Эстебесовна «19-октябрь социалдык жана профсоюздар» күнүнө карата ошондой эле иштеги жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышып жүргөндүгү үчүн Ленин айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
- Токтом Ленин айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Н.Калмуратов |