ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы
2021-жылдын 8-апрели №1
“Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун Жаңы-Жол айыл өкмөтү менен биргелешип кызматташуусу жөнүндө
“Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын чечими жана “Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун сунушу эске алынсын.
2. “Дөөлөт казынасы” коомдук фондусу менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Өзүбеков. |