Редакцияот 08.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXXXVI сессиясы

 

2021-жылдын 8-апрели №2

 

 

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүнүн атайын каражат эсебине “Токтогул районунун жана Кара Кол шаарынын Жазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен келген акча каражаты жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинин Байкоочу кеңеши тарабынан колдоого алынып, 2020-жылдагы сунуштар боюнча Жаны-Жол айыл өмөтүнө караштуу Комсомол айылына АРИС долбоору аркылуу ичүүчү таза суу чыгарылгандыктан жакыр үй-бүлөөлөрдүн үйүнө сууну эсептегич приборлорун (счетчик) алып берүү үчүн 330 600 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VII чакырылышынын кезексиз XXХХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Комсомол айылындагы жакыр үй-бүлөөлөрдүн үйүнө сууну эсептегич приборлорун (счетчик) алып берүү үчүн 330 600 сом акча каражаты которулуп, төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин жана 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Раздел аппарат спец  70111 статья  22221100  330600 сом

Негизги каражат эсебинен

Раздел аппарат  4408041251000619

70111   2215  статьясынан  519000 сом

Раздел аппарат 70111 2511 статьясына 319000 сом

70111   3111  статьясына  200000 сом  жылдырылсын.

Раздел орто мектеп  4408041251001023

70921   2231  статьясынан  200000 сом

Раздел аппарат  4408041251000619

70111   2511  статьясына  200000 сом  жылдырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кенештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Өзүбеков