КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 10\5
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кочкор айылынын « Ардактуу атуулу» наамынын жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин Регламентине Ылайык Кочкор айылдык кеңешинин Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамынын жобосу айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, Кочкор айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 31-беренесинин жергиликтүү өз адынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чараларынын 31.2 , 31.3 пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу”наамын берүү боюнча жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкор айылдык кеңешинин Кочкор айылынын “Ардактуу атуулу” наамын туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |