КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 31-январы № 10/6
Кочкор айыл аймагына “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын ачылуусу жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун Кочкор айыл аймагына “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча сунушун угуп талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагына «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын уставын жана документтерин Нарын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Эшмукамбетов |