ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 6-июлу №3/7
Жаны-Арык айыл аймагындагы иштен чыккан таза суунун түтүктөрүн жаңыртуу, суу киргизилбеген көчөлөргө жана жаңы конуштарга калк ичүүчү таза суунун түтүктөрүн тартууга жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, айыл аймагындагы иштен чыккан таза суунун түтүктөрүн жаңыртуу, суу киргизилбеген көчөлөргө жана жаны конуштарга таза суунун түтүктөрүн тартуу боюнча долбоор даярдалып жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковдун маалыматын угуп, айылдык кеңештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы айыл аймагындагы иштен чыккан таза суунун түтүктөрү жаңыртылсын, суу киргизилбеген көчөлөргө жана жаңы конуштарга таза суунун түтүктөрү тартылсын;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго милдеттендирилсин.
Төрайым: | М.Акматалиева |